Курмандык айбандар
Суроо: Курмандык айбан кандай, канча жашта болуш керек жана кайсылар?
Жооп: Биринчиден, курмандык айбан кемсиз болуш керек. Аллахга эн мыкты, эн жакшы айбанды курман кылыш керек.
Экинчиден, курмандык айбандар булар: эчки, кой, уй, төө.
Үчүнчүдөн, эчки жана койдор бир жашты толтурушу керек. Эгерде 7 же 8 айлык койлор же 1 жаштагы койго окшосо, анда аларда курманга жарайт. Уйлор 2 жаштан ылдый болбош керек. Төө 5 жаш болуш керек.
Эскертүү: тооктон, индюктон, гусь жана уткадан курман болбойт.
Теги: курмандык айбандар, эчки, кой, уй, төө.
Ваш комментарий