Рамазанда, орозо кармаган учурда, эмне кылыш мүмкүн?
Суроо: Рамазан күндөрүндө үч нерсеге тыйю салынат, булар тамак жейиш, су ичуу жана аялы менен мамеледе болуу. Анда кан алдырсак, укол жасатсак, тиш чыгарсак болот окшойт. Туура эмне, айталасызбы?
Жооп: Рамазанда эмне кылбаш керек суроосуна, Аллах Куранда өзү жооп берди. Мунун тышында айтылатурган сөздөр бош болот…
Рамазан убагында орозону бузбаган нерселер:
- Көз тамчылары бузбайт.
- Кулак тамчылары бузбайт.
- Мурун тамчылары бузбайт.
- Астматиктердин колдонгон ингалятор бузбайт.
- Кислородный деген ингалятор бузбайт.
- Питательный деген укол бузбайт.
- Пенициллиновый деген укол бузбайт.
- Инсулиновый деген укол бузбайт.
- Тиштерге анестезия кылган укол бузбайт.
- Тишке пломба койю же тазалоо бузбайт.
- Тишти чыгаруу бузбайт.
- Миск жана жакшы жыттарды колдонуу бузбайт.
- Оозду су менен чалкалоо бузбайт.
- Макияж жана башка кремдер бузбайт.
- Кокустан кускуда бузбайт.
- Мурундан же башка жерден келген кан бузбайт.
- Кан анализи алынганда бузулбайт.
- Суда чөмүлүү бузбайт.
- Оозду чалкалоо үчүн дарылар бузбайт (эгерде жутпаса).
- Тамактын даамына татуу бузбайт (эгерде жутпаса).
- Тиш пастасы бузбайт.
- Жүрөгү ооргандар тил астына койгон дарылар бузбайт (Эскертүү: Бул маалыматтар дүйнөлүк фатвалардан алынган).
Теги: Рамазанда, орозо кармаган учурда, эмне кылыш мүмкүн, орозону бузатурган, жана бузбай турган нерселер, Куранда орозо жөнүндө.
Ваш комментарий