ФАТВА
Таңдагы ак жип менен кара жип эмне экен? 

Таңдагы ак жип менен кара жип эмне экен? 

Таңдагы ак жип менен кара жип эмне экен? 

Суроо: Бир жылдан көп мусулмандар Рамазан орозосунун күнкү убактысыны талашып тартышат. Ошол талаш тартыштын ичинен бир маанилүү суроо чыгып жатат. Эмнеге Аллах Куранда Рамазан орозосунун күнкү убактысыны белгилүү кылгандан кийн, дүйнөдөгү мусулмандар, өздөрүнүн жасаган календарларга карап анын күнкү убактысыны созуп турат? Ал эми Курандагы аяттагы эсеп же календардагы эсеп туурабы? 

Жооп: Аллах Куранда, Бакара сүрөсүнүн 187-чи аятында мындай дейт:

«Орозо түндөрүндө аялыңарга кошулуу адал кылынды. Алар силер үчүн, силер алар үчүн жабуусуңар. Аллах силердин өзүңөргө кыянат кылганыңарды билди жана тообаңарды кабыл алып, кечирди. Мына эми, аялыңар менен орозо түндөрүндө кошула бергиле жана Аллах силерге жазган перзентти ниет кылгыла. Сиздин көзүнүз ак жип менен кара жип даана таанылган таңга чейин тамактана бергиле. Орозону кечке чейин кармагыла! Саарлыктан кийин орозону толук уланткыла жана мечиттерде этикафта отурганда аялыңарга жакындабагыла. Булар Аллахтын тыюу салган чектери. Аларды бузууга жакындабагыла! Адамдар такыба болуусу үчүн Аллах Өз аяттарын ушундай баяндайт» (2/187). 

Ал эми, Аллах Куранда туура болооруну айткандан кийн, мусулмандар эмнени талашып жатат? Аллах айтпайбы: «Жана таңдагы ак жип кара жиптен ажыраганга чейин тамактана бергиле». 

Бул ачык далиль Куранда жазылгандан кийн, муну көрүп жаткан мусулмандар кайсыл календарьга карап жүрөт? Байкап көрүн, Рамазандан мурун мечиттерде азан эртен менен, чыгыштын жери (горизонт) агаргандан 20-30 мүнөт мурун азанды айтарлар. Ошол убакыт – чын тан айтылат. Бирок Рамазан киргенде, аятка эмес, календарьга караган мусулмандар, жалган танданда мурун азанды айтып жатышат. Эмнеге ушундай болватат? Эмнеге азанчылар мусулмандардын күнкү орозосунун убактысыны созуп жатышат?

Мисалы, аятка караганда, жайында орозо 16 саатка созулат. Бирок календарь менен кармаганда 17 саат 10 мүнөткө созулат. Ортосундагы парк 1 саат 10 мүнөт. Эми бул аятты билгенден кийн, эмнеге талашып жатабыз суроосу пайда болуп жатат… 

Хадистерде бул маселе мындай айтылат. Жабраиль периште Пайгамбарывызга намаздардын убактысыны үйрөтүү үчүн Каабанын алдында эки жолу имам болду. Жана бул хадисте качан орозосуна баштайт (эртен мененки тамакты жейт) жана бүтүрөт деген маселе өтүп жатат. Ибн Аббастан келген риваятта мындай айтылат:

«Жабраиль мага Каабанын алдында, эки күн (жолу) имам болду. Биринчи күнү биз түшкү (зухр) намазды, Күндүн көлөкөсү кыска боога жеткенде оукуудук. Кийн биз түштөн кийнки (аср) намазды, Күндүн көлөкөсү ар бир нерсенин толук боюна жеткенде окуудук. Кийн биз кечки (магриб) намазды Күн баткандан кийн окуудук. Бул учурда орозо кармаган киши ифтар кылышы керек. Ал эми качан, Күндүн ышыгы толугу менен жогулуп кетти, анда биз кечтен кийнки (иша) намазды окуудук. Эртен мененки (фажр) намазды биз таӊ агара баштаганда окуудук. Бул убакытка «фажри-садык» айтылат. Ошол убакытта орозо кармаган киши эртен мененки тамагыны (сухрды) бүтүрүшү жана ниет кылышы керек…» (Абу Давуд. Сунан. Намаз, 393; Tирмизи. Мевакит, 1, № 149). 

«Таӊ, жарык, шооласы эки түрдүү болот – чын жана жалган. Жалган таӊда эртен мененки намаз окуулбайт, бирок орозо кармаган киши, эртен мененки тамагыны жейвалат. Ал эми чын таӊда намаз окуулат, бирок тамак жейилбейт» (Хаким, 1/425, Байхаки, 4155). 

«Жалган таӊ – карышкырдын куйругуна окшош. Башкача айтканда, Күндүн ышыгы чыгышта вертикалдуу болуп нур чачып жатат. Бул убакытта намаз окуулбайт, бирок орозо кармаган киши, эртен мененки тамагыны жейвалат. Ал эми Күндүн ышыгы чыгышта горизонталдуу болуп нур чачып жатканда, мына бул убакытта намазды окууш керек, бирок тамак жейүүгө тыюу салынат» (Хаким, Байхаки. «Сахих аль-джами» 4278).

Теги: таңдагы ак жип менен кара жип эмне экен, таңдагы ак жип кара жиптен ажыраганга чейин тамактана бергиле, чын жана жалган таӊ, 2/187.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети